Суставной набор

МУУН ООРУЛАРЫ!

Азыр аксап баскан же белин кармап кайкалай калган карыларды эле эмес, жаштарды да көп кезиктиребиз. Алардын жанын кейиткен – муун оорулары. Бул саныбызда муун оорулары тууралуу маалымат берип, айрым пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.



Муун оорусу

Адам денесиндеги муундар кыймыл-аракет болуучу, тагыраагы, ийилип жана бүгүлө турган жерлерде жайгашкан. Муун эки сөөктүн биригүүсүнөн турган жөнөкөй жана 3 же андан ашык сөөктүн айкалышынан турган татаал муун деп экиге бөлүнөт. Муундун тегерегин муундарга жакын ткандар курчап турат. Муун оорусу денедеги зат алмашуу бузулганда, оор нерсе көтөргөндө артерия кысылып, муундарга күч келгенден пайда болот. Адистердин айтымында, моюн, көкүрөк, муун омурткаларында туз болсо да муун ооруларын пайда кылат. Аталган илдет менен көбүнчө орто курактан өтүп калгандар, тукумунда болсо, жаштар жана климаксы башталган аялдар көп жабыркашат.



Муун ооруларына эмнелер алып келет?

1. Капысынан кулап алган жараат

2. Хламидиоз, клетка ичиндеги паразит сыяктуу инфекциялар

3. Ашыкча салмак. Ар бир ашыкча 500 грамм муундарга күч келтирип, анын өзгөрүшүнө таасирин тийгизет.

4. Туура эмес тамактануу. Алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ашыкча эт, ышталган балык.

5. Убагында дарыланылбаган ар кандай оорулар, суук тийүү.

Көпчүлүк жабыркаган муун оорулары:

1. Артрит

2. Бурсит

3. Подагра



Сыздоок бурсит оорусун пайда кылат

Муундардын былжырлуу баштыкчасынын сезгенип оорушу бурсит деп аталат. Бул ооруда көбүнчө чыканак, ийин, тизе, кызыл ашык, жамбаш муундары жабыркайт.

Бурсит кырсыкка чалдыгуунун кесепетинен же ириңдүү оорулардын, мисалы, сыздоок, чыйкан, остеомиелит жана ошондой эле сасык тумоо, бруцеллёз сыяктуу жугуштуу оорулардан кийин пайда болот. Бул илдетке көбүнчө тоо-кен жумушчулары, жүк көтөргөндөр, паркет тазалагандар жана спортчулар кабылгандыктан дарыгерлер кесиптик оору деп атап коюшат. Бурситте муундун тушу кызарып, шишимик тартып ооруйт да, кыймыл азайып, кээде эт ысып, жалпы абалы начарлайт. Оору күч алганда сезгенүү муунга же жумшак тканга өтүп, тери алдында же булчуң арасында ириң пайда болот. Муундун тушундагы тери жабыркаса, дезинфекциялоочу заттарды жакшылап сыйпоо, ириңдүү ооруларды өз убагында дарылоо менен бурситтин алдын алууга болот.



Суук тийүү артрит оорусун пайда кылат

Муундардын сезгенүү оорусунун бири - артрит. Эгер бул оору бир муунда болсо моноартрит, бир нече муун ооруй турган болсо полиартрит деп аталат.

Артритте муундар ооруп, кызарып, шишик басат. Ооруган адамдын шайы кетип алсызданат, эти ысыйт. Ашыкча салмактуулук артрит оорусун күчөтөт. Артриттин алдын алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо, ооз көңдөйүн дайыма жакшы кароо маанилүү. Ошондой эле дене табынын кескин өзгөрүшүнөн



Сийдик кислотасынын туздары подагра оорусун жаратат

Организмде зат алмашуу бузулганда ткандарда сийдик кислотасынын туздары чогулуп, жыйынтыгында ал муун жана бөйрөк ооруларына алып келет. Туз кол, буттун майда муундарына чогулуп, алардын түзүлүшүн, функциясын бузат. Мындан тышкары туз териде, кулак кемирчегинде, кээде ички органдарда, тагыраагы, бөйрөктө да чогулат. Бул ооруну биз подагра деп атайбыз. Подаграда буттун баш бармагынын мууну көп жабыркайт.

Оору көбүнчө капысынан башталып, эч себепсиз эле буттун бармагынын мууну катуу ооруп, шишимик тартып, кызарат. Бир аз эле кыймылдаса ооруганы күчөп, чыйрыктырып, дене табы көтөрүлөт. Ооруну убагында дарылабаса, 2-3 күндүн ичинде өнөкөт түрүнө өтүп, жыйынтыгында ал ичегилердин иштешин да бузат. Дарыгерлер бат арыктоодон сак болуш керектигин эскертет. Себеби адам бат арыктап кеткенде канда заара кислотасынын деңгээли убактылуу жогорулап, ал жогорудагы подагра оорусун пайда кылышы мүмкүн.
Дарылоо- Алоэ Фридом.
Бул соктун составында соок жана муундарга ээн керектуу заттар бар.
Глюкозамин,хондроитин,природный сера,хондропротектор.
Ушул табигый минералдар соок жана муун оорусун айыктырат.Кальций-магний,мазь Хит.

Байланышка номер: 0 ;
Ватсап номер: 0
Заказ беруу учун:0555949574

Есть противопоказания, посоветуйтесь с врачом.

https://m.youtube.com> watch

Продавец:

Nazbubu Ismailova

Адрес:

Бишкек, Разакова 33

Жалоба на объявление

 
 

Похожие объявления

  • УГРИНИ КАНТИП КЕТИРҮҮ КЕРЕК? Угри (безетки) адамдын сулуулугун гана бузбастан, ички организмге шлак, токсин , керексиз калдыктардын толгонунан кабар берет. Адамдын ичегиси бархат сымал түктүү болот
    8 551 KGS
    Бишкек
    Есть противопоказания, посоветуйтесь с врачом.
  • 4Life Трансфер Фактор Плюс Трай-Фактор сочетает в своем составе лучшие достижения науки о трансферцевтиках, комбинируя концентраты трансфер факторов из коровьего молозива и желтка куриного яйца, а также фирменную смесь ингредиентов, которая помогает
    5 260 KGS
    Бишкек
    Есть противопоказания, посоветуйтесь с врачом.
  • • Способствует поддержанию здорового функционирования сердечно-сосудистой системы • Технология Целенаправленного Трансфер Фактора • Антиоксидантная поддержка за счет входящих в состав витаминов С, Е, селена и фолиевой кислоты Что такое 4Life
    5 040 KGS
    Бишкек
    Есть противопоказания, посоветуйтесь с врачом.
  • • Благодаря входящим в состав джимнеме обыкновенной и хрому способствует поддержанию адекватной способности организма к метаболизму глюкозы и поддержанию нормального уровня сахара в крови • Технология Целенаправленного Трансфер Фактора • Антиоксида
    5 040 KGS
    Бишкек
    Есть противопоказания, посоветуйтесь с врачом.
  • • Оказывает поддержку женской эндокринной системы • Поддерживает здоровый детоксикационный процесс в организме • Включает антиоксиданты • Способствует здоровому клеточному росту • Технология Целенаправленного Трансфер Фактора ЧТО ТАКОЕ 4LIFE
    4 930 KGS
    Бишкек
    Есть противопоказания, посоветуйтесь с врачом.